23.05.2018 11:01

Трамп, Путин жана Ким Чен Ынды ооз ачарга чакырган палестиналык бала

Трамп, Путин жана Ким Чен Ынды ооз ачарга чакырган палестиналык бала

Интернетте  АКШ президенти Дональд Трамп, РФ президенти Владимир Путин жана Түндүк Корея лидери Ким Чен Ынды ооз ачууга үйүнө чакырган палестиналык баланын ыры тарап, коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.  

Тасмада өспүрүм Трампка  кайрылып: «Ыйык Орозо айында сизди ооз ачып кетүүгө үйүмө чакырам, ифтар Палестинанын борбору Аль-Кудста болот, бирок, урандылардын арасынан менин үйүмдү таба алаар бекенсиз», - дейт. 

Клипте бала дүйнө лидерлеринин көңүлүн Сирияда болуп жаткан окуяларга бурат. Күнөөсүз мусулмандардын каны төгүлүп, адамдар тургай жансыз заттар да бул ырайымсыздыктан үрөйү учуп атканы айтылат.

«Президент мырза, мен уктай албай калдым. көзүмдү жумсам эле жардыруунун үнү угулат, төшөгүм  от  менен түтүнгө толуп жалындайт, бөлмөмдү коркунуч каптап, бешигим ыйлап, оюнчуктарым кансырап жатат. Президент мырза, оюнчуктарыман кан агып жатат», -деп ыйлайт өспүрүм.