02.05.2020 13:13

Түндүк Кореянын лидери завод ачып, коомчулукка көрүндү

Түндүк Кореянын лидери завод ачып, коомчулукка көрүндү

Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын 11-апрелден бери алгачкы ирет коомчулукка чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Ким Чен Ын соңку 20 күн аралыгында алгач ирет коомчулукка чыгып,  Сунчхонск заводунун ачылуу аземине барган. Ал эми 1-майда болгон лента кесүү аземине Мамлекеттик кеңешинин төрагасы Пак Бон Дю, министрлер бөлмөсүнүн премьери Ким Чжэ Рён, Эмгек партиясынын лидери жана президенттин карындашы Ким Ё Чжон катышкан.

Ал эми буга чейин дүйнөлүк басылмалар дүйнөлүк басылмалар жүрөк оорусу менен ооруп жатат деп жазган болчу.