19.12.2018 14:40

Кара-Балтадагы кыргыз-кытай мунай заводунда кайрадан чыр чыкты

Кара-Балтадагы кыргыз-кытай мунай заводунда кайрадан чыр чыкты

Жакында кыргыз-кытай “Джунда” заводунун мурдагы кызматкери Искендер Мамыркуловду белгисиз адамдар дагы бир ирет сабап кетишти.

Эске салсак, Мамыркулов жайында да ур токмокко алынып, муну мурунку кызматкер “Джунданын” ишмердүүлүгүнө айтылган сындарына байланыштырган. Мамыркулов кытайлык ишкана жумушчулардын укуктарын басмырлоодо деп айтып келген.

Учурда заводдун экс кызматкери кайда экени белгисиз.