Коронавирус: Кыргызстан Кытайдын дарыгерлерин жардамга чакырды

Коронавирус: Кыргызстан Кытайдын дарыгерлерин жардамга чакырды

Кыргызстан коронавируска каршы туруш үчүн Кытайдан дарыгерлерди чакыруу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат. Бул тууралуу 26-мартта Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Кытайдын медицина кызматкерлери «бүгүн-эртең келе калбайт, сүйлөшүү жана даярдык гана жүрүп жатат».

«Кытайда коронавирусту ооздуктоого катышкан адистер менен телеконференция уюштурулду. Кытайлык дарыгерлерди биздин өлкөгө чакыруу тууралуу кат даярдалып, Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлгөн», - деди Акматова.

18-25-мартта Кыргызстанда бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 44 киши болгон, эң кичүүсү бирге толо элек ымыркай, улуусу 86да. Бейтаптардын алтоо реанимацияда жатат.

26-мартта оору жуккан жаңы учур катталган жок.