14.04.2020 14:39

Коронавирус: Кыргызстанга Кытайдан 15 дарыгер келет

Коронавирус: Кыргызстанга Кытайдан 15 дарыгер келет

Кыргызстанга коронавирус илдети менен күрөшүүгө Кытайдан 15 дарыгер келип, жардам берет. Бул туурасында вице-премьер Аида Исмаилова Жогорку Кеңеште комитеттердин жыйынында билдирди. Анын айтымында, кытай тарап кыргыз өкмөтүнүн өтүнүчүн кабыл алды.

 

“Кечээ Кытайдын элчиси менен сүйлөштүк, ал жактан уруксат берилиптир, жакын арада келишет. Учурда Тышкы иштер министрлигинин деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Так датасы бүгүн-эртең билинет”, — деди Исмаилова.

 

Эске салсак, 20 күн мурун Кыргызстан коронавирус менен күрөшүү үчүн кытайлык дарыгерлерден жардам сурап кайрылган болчу.

Бүгүн, 14-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 430  кишиге жетти.  Бешөө каза болду, 71 адам айыгып чыкты.