07.06.2018 14:00

Трамптын адвокаты: Ким Чен Ын Трамптан жолугушуу өткөрүүнү «тизелеп» суранган

Трамптын адвокаты: Ким Чен Ын Трамптан  жолугушуу өткөрүүнү «тизелеп» суранган

Түндүк Кореянын лидери Америка башчысынан жолугушуу өткөрүүнү «тизелеп» суранган. Мындай сөздү АКШ президентинин адвокаты Рудольф Джулиани айтып чыкты, деп жазат zelv.ru

Жактоочунун айтымында, КЭДР бийлиги АКШ менен ядролук согуш баштаса, жеңип алаары тууралуу жарыялаган. Америкалык бийлик буга жооп кылып, саммит өткөрбөй турганын билдирген.  

«Мындан кийин Ким Чен Ын Вашингтондон белгиленген жолугушууну болтурбай койбоону «тизелеп» суранган», -деп жазат  zelv.ru «Федералдык жаңылыктар агенттигине» шилтеме менен.

Андан сырткары,  Джулиани АКШ бийлиги Түндүк Кореянын  лидерин дал ушундай абалда, башкача айтканда тизелеп турган абалда көрүүнү каалаарын  билдирди.

АКШ Ак үйүнүн маалымат катчысы Сара Сандерс  буга чейин  Трамп менен Ким Чен Ындын жолугушуусу Сингапурда 12-июнда жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:00дө өтөөрүн жарыялаган.

Эки лидердин жолугушуусу боюнча сүйлөшүүлөр жөнөкөй болгон эмес. 24-майда Америка президенти сүйлөшүүлөрдөн баш тарткан. Бирок, Пхеньян  мурункудай эле диалогго даяр экенин билдирип, 1-июнда Трамп саммит өтө турганын тастыктаган.

Ошол эле убакта ал жолугушуунун жыйынтыгында кандайдыр бир документтерге кол коюлушу күмөн экенин билдирди.