28.11.2019 11:13
Бишкекте ЖККУ саммити өтүүдө. Ага бир катар өлкө лидерлери келишти
![Бишкекте ЖККУ саммити өтүүдө. Ага бир катар өлкө лидерлери келишти](/uploads/images/articles/20191128_1.jpg)
Орусиянын президенти Владимир Путин Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Бишкекке келди.
"Манас" эл аралык аэропортунан орус лидерин президент Сооронбай Жээнбеков 28-ноябрда тосуп алды.
27-ноябрда Кыргызстанга Казакстандын, Тажикстандын, Беларустун президенттери жана Армениянын премьер-министри келишкен.
Жыйында эл аралык жана аймактык коопсуздук маселеси талкууланат. Бир катар документтерге кол коюлуп, уюмдун 2020-жылга карата бюджети бекитилет.
Эске салсак, Бишкек ушул сессияда уюмга төрагалык кылган бир жылынын мөөнөтүн жыйынтыктайт.
![Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады](/uploads/images/articles/20210830_20210830_10414458_794648083915.jpg)
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: