21.05.2020 11:27

Акыйкатчы №1 тергөө абагына барды. Камакта отургандар эмнеге арызданышты?

Акыйкатчы №1 тергөө абагына барды. Камакта отургандар эмнеге арызданышты?

Акыйкатчы Токон Мамытов омбудсмен аппаратынын кызматкерлери менен  Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 тергөө абагында отурган айрым айыпталуучулар менен жолукту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы  кабарлады.

Алардын маалыматына караганда акыйкатчы Ф.Н., К.С., М.М., С.К., Д.А., Э.К жана Р.Ж. менен жолугушуп, сүйлөштү.

Тергөө абагындагылар кармоо шартына, мекеменин жетекчилигине эч кандай дооматы жоктугун билдиришкен. Айрымдары адвокатынын кире албай, туугандары менен байланышуу мүмкүн болбой жатканына даттанганы айтылат. Акыйкатчы жолуккан камактагылардын бири Биринчи май райондук соту анын катышуусу жок эле бөгөт чарасын узартып койгонуна нааразы болгон. Дагы бири үч айдан бери тергөө иштери жүрбөй жатканына арызданган.

Акыйкатчы абактагылардын айткан маселелери боюнча иш жүргүзүлөөрүн билдирет.