18.05.2020 14:06

«Ганси» обсервациясында жаткандар чуу чыгарышты. Алар Соль-Илецктен келгендер

«Ганси» обсервациясында жаткандар чуу чыгарышты. Алар Соль-Илецктен келгендер

 

Соль-Илецктен келип обсервацияда жаткандар тополоң чыгарышты. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.

Мурдагы «Ганси» америкалык базасындагы обсервацияда абал курч бойдон экенин 24.kg маалымат агенттиги саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевге шилтеме берип жазды.

Анын айтымында Соль-Илецктен келген кыргызстандыктар медиктердин талаптарына баш ийбей жатышат.

“Ал жайда жаткан жарадар өзүн агресивдүү алып жүрүшөт. Дарыгерлерге кол салган фактылар да катталды. Тез жардам кызматынын өкүлдөрү дагы жабыркады, медиктердин кийимдерин айрым, Тез жардам унаасын оодарууга да аракет кылышты. Министрликтин өкүлдөрү ал жакка чыгып кетти”, — деп айтылат маалыматта.

Ал эми обсервацияда жаткандардын айтымында, чуу чыгаргандар дарыгерлерди Соль-Илецктен келген жарандардардан коронавирус чыкканына карабай, алар менен кошо келгендерди үйүнө чыгарып жиберген деп айыптап жатышат. Мындан улам башкаларын дагы коё берүүнү талап кылышууда.

Белгилей кетсек, Соль-Илецктен 7-майда 541 кыргызстандык келген. Алардын ичинен 104 адамдан коронавирус аныкталган.

Учурда өлкө боюнча илдете кабылгандар саны 1216 адамга жетти. Алардын ичинен 827 адам айыгып чыккан. 14 адам көз жумган.