27.04.2020 09:00

Коменданттык сааттын шарттарын 80 адам бузду. 66сы Бишкекте

Коменданттык сааттын шарттарын 80 адам бузду. 66сы Бишкекте

Бүгүн, 27-апрелге караган түнү өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык сааттын эрежелерин бузган 80 адам кармалды. 6 автоунаа айып короого токтотулду. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн түнү кармалгандар:

  • Бишкек шаары– боюнча 66 адам;
  • Ош шаарында 1;
  • Жалал-Абад шаарында 5;
  • Сузак районунда 2;
  • Нарын шаарында 4;
  • Ат-Башы районунда 2 адам кармалган.
  • Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын эрежелерин эч ким бузган эмес.

Жалпысынан коменданттык саат башталган 25-марттан бери эреже бузган 3582 адам кармалган.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Ага ылайык, саат 21.00 – 06.00гө чейин коменданттык саат жарыяланган.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.