29.03.2018 09:33

Транспорт каражаттарын жеңилдетилген негизде кайра каттатууга 3 ай мөөнөт берилет

  кайра каттоо (1 материал)
Транспорт каражаттарын жеңилдетилген негизде кайра каттатууга 3 ай мөөнөт берилет

2018-жылдын 2-апрелинен 2-июлуна чейин транспорттук каражаттардын мамлекеттик кайра каттоосу жеңилдетилген негизде жүргүзүлөт. Тийиштүү токтомго Премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Учурда сатуу жана сатып алуу келишимин расмий каттоонун баасы ишеним катын берүүдөгү баадан бир нече ирет жогору. Мисалы, автоунааны кайра каттатуу  автоунаанын чыккан жылына жана кыймылдаткычынын жумушчу көлөмүнө жараша  800-4500 сом турат. Унаасын кайра каттаткан адам 850 сом төлөп жаңы техпаспорт, 950 сом төлөп жаңы номер алышы керек болот.

Ал эми  2-апрелден 2-июлга чейинки компаниянын негизинде 2007-жылга чейин чыккан, майды аз жеген Honda Fit сымал унааларды 800 сомдун ордуна 80 сомго кайра каттатууга болот. Ал эми 2010-жылдан берки "жаңы" деп эсептелген, кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 3000-4000 см3  болгон унааларды 4500 сомдун ордуна 450 сомго жаңы ээсине каттатып беришет. Ошол эле учурда мурунку техпаспорт менен номер калтырылат. Бул албетте, унаа ээсинин акчасын үнөмдөйт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн April.kg порталына билдиришти. 

Мындан улам,  жеңилдетилген кайра каттоо мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, автоунаны өзүнө каттатып алуу сунушталат.  Бул келечекте айыппулдарды алуудагы түшүнбөстүктөрдү алдын алууга жардам берет.

Бир катар автотранспорттук мамлекеттик транспорттук каражаттарды кайра каттоодо алынуучу 0,1 пайыздык төлөмдөн бошотулат, Толук маалымат менен Мамлекеттик каттоо кызматынын курамдык бөлүмдөрүнөн таанышууга болот.