Транспорт министрлиги Жалал-Абад облусунда оңдолуп жаткан жолдор тууралуу маалымат берди
Мамлекеттик маанидеги Ала-Бука-Кербен-Таш-Кɵмүр автожолунда жолдун чуңкурларын ондоп-түзɵɵ жумуштары жүрүп жатат. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматта, мындан сырткары «Жалал-Абад-Балыкчы» автомобиль жолдор башкармалыгына караштуу Аксы районундагы № 12-жол тейлɵɵ мекесинин карамагындагы жергиликтүү маанидеги Кара-Суу-Топ-Жаңгак унаа жолунун 1- чакырымдан 5-чакырымына чейинки аралыгын асфальттоо иши жүргөнү айтылат.
Жалпы узундугу 2 чакырым жолго асфальт төшөө жумуштары мекеменин ɵз күчү менен жүргүзүлүп, толугу менен бүткɵрүлгөн. Каражат (9млн.сом) «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча каралганы айтылат.
2018-жылга карата туризм багытындагы мамлекеттик маанидеги Кара-Жыгач-Сары-Челек унаа жолунда «Капиталдык салымдар» беренесинен 5км жолго акча каражаты каралып, мекеме тарабынан 1км жолго асфальт тɵшɵлдү, жолдогу бардык жол белгилери, парапеттери акталып-сырдалган. Жолду толугу менен асфальттап бүткɵрүү ушул жылдын июль айына пландаштырылган.
«Падыша-Ата» коругу жайгашкан мамлекеттик маанидеги Кербен-Кашка-Суу унаа жолунда подряддык ыкма менен «Жалал-Абад АБЗ» ачык акционердик коому жолду асфальттоо иштерин жүргүзүүдɵ. Бүгүнкү күндɵ жолдун 1км аралыгы бүткɵрүлүп, жумуштар уланууда.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: