22.06.2018 17:22

«Тумар» бийчилер тобу эми бийлөөгө ылайыкташкан майып арабалуу болушат

«Тумар» бийчилер тобу эми бийлөөгө ылайыкташкан майып арабалуу болушат

«Тумар» бийчилер тобу бийлөөгө ылайыкташкан майып арабалуу болушат. Бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Бүгүң, 22-июнда «Твист» бий арабаларын сатып алуу үчүн «Тумар» тобуна 1 миллион сомдук сертификат берилди. Каржылык жардамды «Тяньши» компаниясы көрсөткөн. 

«Бул бйчилер тобу ар кандай эл аралык конкурстарга жигердүү катышып келишет. Ири масштабдагы конкурстарга профессионалдуу бий арабаларында катышуу алар үчүн ыңгайлуу болмокчу. Ошондой эле, биздин колдообуз топтогу балдарга дем-күч берип, дагы башка бийиктиктерди багынтууга үндөйт деп ишенебиз.Башка майып балдар аларды көрүп үлгү алат.  «Тяньши» корпорациясы өтүнүчүбүздү четке какпай, ар бири 3 миң доллардын тегерегинде турган 3 колясканы алууга каражат бөлүп берди»,  - дейт Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жылдыз Полотова.