05.07.2019 14:27

Турсунбек Акун «Апрель» телеканалын жана журналист Канат Каниметовду сотко берди

Турсунбек Акун «Апрель» телеканалын жана журналист Канат Каниметовду сотко берди

Турсунбек Акун «Апрель» телеканалын жана журналист Канат Каниметовду сотко берди. Бул тууралуу билдирүүнү телеканалдын дарегине Бишкектин Октябрь райондук соту жөнөткөн.

Ага ылайык, биринчи соттук отурум 2019-жылдын 16-июлунда саат 16:00дө болот. 

Турсунбек Акун  «Апрель» телеканалы жана каналдын атайын кабарчысы Канат Каниметов анын кадыр-баркына, ар-намысына шек келтирди деп эсептейт. Кеп 2019-жылдын 6-майында жаңылыктарда көрсөтүлгөн материал тууралуу болууда. Анда Азиз Батукаевдин эжеси Хава Хамидованын маегинен үзүндү берилген. Хава Хамидова Батукаевди эркиндикке чыгаруу үчүн анын жолдошу өз колу менен Турсунбек   Акунга 100 миң доллар бергенин айткан. 

Мурда (2014-жылы) бул маек «Московский Комсомолец» гезитинде журналист Улукбек Бабакуловдун макаласында жарыяланган.  

Турсунбек Акун соттон бул маалыматтарды төгүндөөдөн тышкары, өз пайдасына «Апрель» телеканалынан  500 миң сом, журналист Канат Каниметовдон -100 миң сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.   

«Апрель» телеканалынын редакциясы Турсунбек Акун менен сотто жолугушууга даяр.