27.09.2019 09:15

Туугандары издеп жаткан кыргыз жараны Россиядан табылды. Аны көмүп коюшкан

Туугандары издеп жаткан кыргыз жараны Россиядан табылды. Аны көмүп коюшкан

Туугандары дайынсыз деп эсептеген 21 жаштагы кыргыз жигитинин сөөгү Россияда көмүлгөнү белгилүү болду. Бул туурасында ИИМ басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын башында Ысык-Көл облусунун 50 жаштагы тургуну КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылып, бир жылдан ашык дайынсыз кеткен тууганын табышууга жардам сураган.

Айтымында, 21 жаштагы О.Б. аттуу тууганы 2017-жылдын аяк ченинде туугандары менен Россияга акча табуу максатында келген. Жакындары менен 2018-жылдын апрель айынын башында телефон аркылуу байланышкан. Кийин белгисиз себептер менен чалбай калган. Акыркы жолу аны «Шелковская» метросу жактан көрүшкөнү белгилүү болгон. Туугандары өз алдынча издеп, бирок таба алышкан эмес. 

Кайрылуудан кийин ИИМ өкүлчүлүгү Россиянын аймактык укук коргоо органдары менен бирге ыкчам-иликтөө иш-чараларын уюштурушту.

Анын жыйынтыгында, дайынсыз кеткен О.Б. 2018-жылдын 12-апрелинде Москва шаарынын Измайлово районундагы паркында өз өмүрүнө кол салуу менен (муунуп өлгөн) каза тапканы жана эч ким издеп келбегендиктен, 2018-жылдын июнь айынын ортолорунда мамлекеттин эсебинен жерге берилгени аныкталды.  

Учурда анын сөөгүн эксгумация кылып, мекенине жөнөтүү үчүн керектелүүчү документтер топтолуп жатат.