27.09.2019 17:17

Туулган күнүң менен, КСДП! Алмазбек Атамбаев түптөгөн партияга 26 жыл болду

Туулган күнүң менен, КСДП! Алмазбек Атамбаев түптөгөн партияга 26 жыл болду

Бүгүн, 27-сентябрда Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын түзүлгөнүнө 26 жыл болду. Буга байланыштуу партиянын басма сөз кызматы куттуктоо таратты. 

Анда уюм түптөлгөн 1993-жылдан бери КСДП башынан жеңишти да, жеңилүүнү да өткөргөнү айтылат. Ошондой эле карт партиянын буга чейинки иштерине калыс бааны тарых бере турганы кошумчаланат.  

«Азыркы учурда биз оңой эмес кырдаалга кептелдик. Бийлик өзүнүн сөзүнөн чыкпаган соттордун жардамы менен партияны тартып алуу аракетин көрүп жатат, мыйзамсыз түрдө бизди кеңсебизге киргизбей жатышат, партиянын архивин тартып алышты. Бирок бизде эч кандай күч тартып ала албай турган нерсе калды - ал биздин кайра тартпас тарапташтарыбыз. Алар бар - партия жашай берет. Кандай гана репрессия менен коркутпасын, биздин партиянын туусу Кыргызстандын үстүндө дагы да желбиремекчи!  Бизди сындыра албайсыңар. Андыктан, туулган күнүң менен, КСДП, урматтуу партиялаштар жана жалпы бизди колдогондор! Кыргызстан КСДП менен бирге эркин болот!», -деп айтылат куттуктоодо.