19.07.2018 16:48

Тувада шаурмадан уулангандардын саны 160 адамга жетти

Тувада шаурмадан уулангандардын саны 160 адамга жетти

Туванын Кызыл шаарында шаурмадан уулангандардын саны 160 адамга жетти. Бул туурасында ТАСС өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматына таянып билдирди.

Ичеги-карын жугуштуу оорусу «Шаурма» коомдук тамактануучу жайынын кардарларынын арасында катталды. «Уулангандардын саны 160 адамга жетти. Кечээ алардын сексени ооруканага жаткырылып, он алтысынын абалы туруктуу оор деп бааланып жаткан. Азыр оор абалдагылар жок», -деп билдирет өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Алдын-ала маалыматка караганда, ууланууга башка аймактан алынып келинген тоок эти себеп болгон. Азыр коомдук тамактануучу жай жабылды. Азык жеткирип бергендер текшерилип жатат. Туванын ИИМи жапырт уулануу фактысы боюнча РФнын Кылмыш-жаза кодексинин 236-беренеси (санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактабоо менен кокусунан элдердин жапырт уулануусуна алып келүү) менен кылмыш иши козголду.