21.02.2019 10:09

«Туңгуч» кичи районундагы көп кабаттуу үйдөн секирген кыздын абалы тууралуу айтылды

«Туңгуч» кичи районундагы көп кабаттуу үйдөн секирген кыздын абалы тууралуу айтылды

Бишкек шаарынын «Туңгуч» кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан секирген кыз эсине келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

«Кыздын абалы оор бойдон калууда. Анын кабыргалары жана моюн омурткалары сынган. Учурда дагы деле жандандыруу бөлүмүндө, дарыгерлердин көзөмөлүндө», - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, кечээ, 20-февраль күнү болжол менен саат 14:00 чамасында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге «Туңгуч» кичирайонунда белгисиз кыз алты кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге тез арада Октябрь РИИБдин кызматкерлери жөнөтүлгөн.

Алар келгенде кыз алты кабатуу үйдүн бир батиринин терезесинен секиргени жаткан. Ал эми батирдин эшиги жабык
болгон. Төмөн жактагы адамдын суранычтарына көңүл бурган эмес. Милиция кызматкерлери ыкчам чараларды көрүп, килемди терезенин алдына жайып кармашкан. Ал эми ӨКМдин кызматкерлери эшикти ачышып, кыз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөнү менен аларды укпай терезеден секирип кеткен. Ылдый жакта турган милиция кызматкери кызды тосуп алууга үлгүрүшкөн менен кыз оор абалда оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Анын бул кадамга баруусуна эмне себеп болгону азырынча - белгисиз.