10.01.2019 17:21

Түндө милициянын подполковниги унаа сүзүп кетип каза тапты. Ал Бишкекке уулун дарыгерлерге көрсөтүү үчүн келген

Түндө милициянын подполковниги унаа сүзүп кетип каза тапты. Ал Бишкекке уулун дарыгерлерге көрсөтүү үчүн келген

Бишкек-Торугарт айланма жолунун 16-чакырымынан унаа сүзүп кетип каза тапкан милициянын подполковниги Бишкекке уулун дарыгерлерге көрсөтүш үчүн келген. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлады. 

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 10-январь күнү болжол менен түнкү саат 01:00 чамасында Ысык-Ата РИИБ нөөмөт бөлүмүнө Бишкек-Торугарт айлампа жолунда автоунаа адамды сүзүп кетти деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган Ысык-Ата РИИБнүн  тергөө ыкчам тобу азият улутундагы, болжол менен 35-40 жаштагы жөө жүргүнчүнүн жансыз денесин табышкан. Аны сүзгөн айдоочу из жашырып кеткени аныкталган. 

Жөө жүргүнчүнүн денеси Ысык-Ата районунун өлүк сактоочу жайына жеткирилген. Жол кырсыгы боюнча милициянын каналдары аркылуу багыттамалар берилип, «Тосуп кармоо» иш мерчеми киргизилип, посттор коюлган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында каза тапкан адамдын өздүгү такталып, ал Нарын ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын ага ыкчам өкүлү милициянын подполковниги 1982-жылы туулган Касымалиев Күнболот экендиги аныкталган. Ошондой эле, ал уулунун ден соолугуна байланыштуу ишинен эмгек өргүү алып, Бишкекке медициналык кароодон өткөрүү үчүн келгени белгилүү болгон.  

ИИМдин билдиришинче, азыркы учурда бул факт боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, керек болгон алдын ала текшерүү иштери жүрүп жатат.