Түп районунда «Транзит» операциясы учурунда баңгизат менен эки адам кармалды
Ысык-Көл облусунун аймагында «Транзит» операциясынын алкагында бир сутка ичинде баңгизатты мыйзамсыз сактаган 2 учур катталды. Бул туурасында облустук ИИБден билдиришти.
25-октябрда милиция кызматкерлери тарабынан Түп районунун Ичке-Суу айылынын 44 жаштагы тургуну Т.Нурлан кармалды. Аны текшерүү учурунда 10 ширеңке кутусуна салынган гашиш табылды. Алынган баңгизаттын көлөмү 600 граммды түздү.
Ушул эле күнү ыкчам маалыматтан улам Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда Кудургу айылынын жанынан «Мерседес-Бенц» автоунаасы токтотулган. Текшерүү учурунда жүргүнчүлөрдүн биринин курткасынын чөнтөгүнөн 60 грамм гашиш табылган. Жаран Ош шаарынын 41 жаштагы тургуну Т.Бактыбек экени такталган.
Бул фактылар боюнча Түп районунун ИИБи тарабынан 246-берене (баңгизатын мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо) менен кылмыш иши козголду. Экөө тең райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Териштирүү жүрүүдө.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: