09.10.2018 11:01

Түп районунда улгайган аялды зордуктоого аракет кылган киши өзү каза тапты

Түп районунда улгайган аялды зордуктоого аракет кылган киши өзү каза тапты

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 30 жаштагы жигит өзүнүн классташынын апасын зордуктоого аракет кылды. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБнын маалымат кызматынан билдиришти.

Окуя 8-октябрь күнү Түп районунда караштуу айылдардын биринде кечки саат 19:00 чамасында болгон. 30 жаштагы жигит мас  абалында таанышынын үйүнө барып, үйдөгү 78 жаштагы улгайган аялды зордуктоого аракет кылган. 

Коркуп кеткен аял жардамга чакырып кыйкырып баштаганда, аялдын 30 жаштагы уулу келип, зөөкүрдү короого сүйрөп чыгып, сабап баштаган. Ызы-чууну уккан кошуналары милициянын участкалык инспекторун чакырышып, ал башка кошуналары менен бирге таяк жеп жаткан кишини арачалап калышкан. Окуя тууралуу райондук ооруканага жана милицияга кабарлашкан.   

Катуу жаракат алган зордукчу райондук ооруканага жеткирилип, ал жерден эсине келбей каза тапкан. Аны катуу сабаган киши да райондук ооруканага жеткирилип, кылганын мойнуна алган көрсөтмө берген. 

Зордуктоого аракет кылуу фактысы Түп райондук ИИБде катталды, ал эми сабоо фактысы боюнча 104-берене менен кылмыш иши козголду.  Териштирүү иштери жүрүүдө.