21.02.2019 12:30

Түп районунун тургундары «Хизб ут-Тахрир» уюмуна мүчөлүктөн расмий түрдө баш тартышты

Түп районунун тургундары «Хизб ут-Тахрир» уюмуна мүчөлүктөн расмий түрдө баш тартышты

Ысык-Көл облусунун Түп районунун эки жашоочусу «Хизб ут-Тахрир» уюмуна мүчөлүктөн расмий түрдө баш тартышты. Бул туурасында аталган облустун ИИБинин  маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Көл өрөөнүндө диний экстремизге каршы аракеттенүү боюнча иштер үзгүлтүксүз жүрүүдө. Анын натыйжасында, буга чейин 50дөн ашык адам бул тыюу салынган уюмга мүчөлүктөн баш тарткан.

Кечээ жакында эле дагы эки адам - Түп районунун тургундары каталарын мойнуна алып, расмий түрдө мүчөлүктөн баш тартышты. Жана башкаларды да «Хизб ут-Тахрир» катарына кошулбоого чакырышты.