22.01.2020 15:15

Түптө жүздөгөн адамдар Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылып, митингке чыгышты

Түптө жүздөгөн адамдар Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылып, митингке чыгышты

Бүгүн, 22-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери акция өткөрүп жатышат.    

Каршылык акциясына чыккандардын негизги талабы - камакта отурган Садыр Жапаровдун боштондугу.

Митингге болжол менен 500 киши чыгышкан.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон саясатчы Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган.

2019-жылы ноябрь айында Садыр Жапаров президенттен ырайым сураган. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков журналисттер үчүн уюштурулган декабрдагы басма сөз жыйынында Жапаровдун арызы каралып жатканын жана мыйзам боюнча чечилиши керек экенин айткан.