28.09.2018 10:18

Түрк аэропортунда 2-кабатта боюн таштап каза тапкан кыргыз жаранынын акыркы сөзү

Түрк аэропортунда 2-кабатта боюн таштап каза тапкан кыргыз жаранынын акыркы сөзү

Түркиянын Стамбул шаарындагы «Ататүрк» аэропортунда 37 жаштагы кыргызстандык жаран экинчи кабаттан боюн таштады. Бул тууралуу түркиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Окуя кечээ, 27-сентябрда болгон. Тепкичке чыгып, боюн таштаганы жаткан  кишини башка адам артка кайтууга көндүрүүгө аракет кылган. Бирок, бул аракеттен оң жыйынтык чыкпай, ал тепкичтердин ортосундагы бош жерге боюн таштаган. Өз өмүрүнө кол салган адам эки кабат төмөндөгү бетон төшөлгөн жерге кулап түшкөн.

Күбөлөр окуя болгон учурда анын мас абалында болгонун айтышкан. Секирердин алдында «Мен силерди жакшы көрөм» деп кыйкырган.

Окуя болгон жерге дарыгерлер келип, биринчи медициналык жардам көрсөтүп, жабырлануучу тез жардам унаасы менен Бакыркөй районундагы ооруканага жөнөтүлгөн. Бирок, орто жолдон жүрөгү сокпой калган.

Полиция кызматкерлери бул боюнча териштирүү иштерин баштады.