15.08.2018 16:52

Түрк лирасынын күчүн жоготушу Кыргызстанга кандай таасир этет?

Акыркы күндөрдөгү ажиотаж – Түркиянын улуттук акчасы барган сайын күчүн жоготууда. Анын кесепетин бир гана лиранын мекениндегилер эмес, Кыргызстандагылар да сезишти. Алсак, өндүрүшүн Түркияга экспорттогон ишкерлер менен эс алуучуларды кабыл алган туристтик операторлор жабыр тартышууда. Бүгүн акча алмаштыруу жайлары түрк валютасын 9 сомдон алышса, Түркиянын өзүндө бир доллар алты лирадан ашкан. Анын себеби эмнеде кабарчыбыз Аман Бакиров баяндайт.