22.06.2018 15:21

Түркия оппозициясы менен бейөкмөт уюмдар шайлоого 519 миң байкоочу даярдоодо

Түркия оппозициясы менен бейөкмөт уюмдар шайлоого 519 миң байкоочу даярдоодо

Түркиянын оппозициячыл партиялары менен укук коргоо уюмдары 24-июнда өтө турган президенттик жана парламенттик шайлоодо өлкөнүн бардык аймактарындагы тилкелерге жүз миңдеген байкоочуларды жөнөтүүнү пландап жаткандыктарын билдиришти.

21-июнда алар 180 шайлоо тилкесинде 519 миң ыктыярчы жана партиялардын байкоочулары иштейт турганын айтышты.

Оппозиция өлкөнү 16 жылдан бери башкарып келаткан президент Режеп Тайып Эрдогандын үстүнөн жеңишке жетүүгө аракет кылууда. Оппозициялык күчтөр шайлоо адилеттүү өтөбү деп тынчсызданууларын билдирип жатышат.

Эрдоган өз бийлигин бекемдөө максатында апрелде мөөнөтсүз шайлоо 24-июнга (негизи 2019-жылы өтүш керек болчу) белгиленгенин жарыялаган.

Түркия парламенттик системадан президенттик системага өтүп, мамлекет башчынын ыйгарым укуктары кыйла кеңейет. Мыйзамга киргизилген бул өзгөрүүлөр шайлоодон кийин күчүнө кирет. Эрдоган мөөнөтсүз шайлоо жарыялоо менен жеңишке жетүүнү көздөгөнү айтылып келет. Бирок сурамжылоолор президент экинчи турда шайланып, бийликтеги партия 16 жылдан бери кармап келген парламенттеги көпчүлүктү колдон чыгарып жибериши мүмкүндүгүн көрсөтүүдө.

Анкара буга чейин шайлоого көз салуу үчүн келүүнү каалаган кеминде эки европалык депутаттын өлкөгө кирүүсүнө уруксат берген эмес.