09.10.2018 18:08

Түркия сойкулукка шектелген 5 кыргыз кызын өлкөдөн чыгарып жиберди

Түркия сойкулукка шектелген 5 кыргыз кызын өлкөдөн  чыгарып жиберди

Түркиянын Трабзон шаарында мейманкана, кафе жана ресторандарды текшерүү учурунда 63 чет өлкөлүк жаран сойкулукка шектелип кармалды. Бул туурасында Haberler.com. түрк басылмасы жазып чыкты. 

Маалыматта айтылгандай, алардын баары КМШ мамлекеттеринин өкүлдөрү.

«Трабзон полиция департаменти бардыгы: 19 азербайжан, 14 өзбек, 10 орус, 7 украин, 6 грузин, 5 кыргыз, 1 тажик жана 1 молдовалык кызды кармаган. Алардын баары Түркиянын Коомдук коопсуздук бюросуна жеткирилген. 61 кыз мекенине жиберилип, дагы үчөөнүн тагдыры чечилүүдө», -деп жазат басылма.