22.11.2018 12:57

Түркияда эки кыргыз жараны мал союу эрежесин бузганы үчүн айыпка жыгылды

Түркияда эки кыргыз жараны мал союу эрежесин бузганы үчүн айыпка жыгылды

Түркиянын Кайсери аймагынын Инжесу районунун Кызылөрен айылында 2 кыргыз жараны мал союу эрежесин бузганы үчүн айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Бул тууралуу «Демирөрен» маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, жергиликтүү жашоочулар эки чет элдик жаран жылкыны мууздап жатканын көрүп калышып видеого тартып алышкан. Андан соң бул тууралуу жандармерияга билдиришкен. 

Окуя болгон жерге келген тартип сактоочулар аларды камакка алган. Ата-балага тамак-аш продуктуларын даярдоодо санитардык норманы сактаган эмес деген айып тагылып, 9 миң түрк лирасы өлчөмүндө (110 миң сомдой) айып салынган.

Жыйынтыгында, союлган малдын эти Шаардын ветеринардык кызматына өткөрүлүп берилип, жарандар бошотулган. 

Бул окуя түрк интернет колдонуучуларынын нааразычылыгын жаратты. Алар «базарда арам чочкону союп саткандарга эчтеке болбой, адал жылкыны сойгондорду кармайсыңарбы», «Кыргызстанда жылкынын этин жакшы көрүшөт, өздөрү үчүн союп жаткандан кийин тим койгула да» деген сыяктуу пикирлер жарыяланган.