17.09.2018 17:12

Түркияда кыргыз жана өзбек кыздарын сойкулукка мажбурлаган адамдар кармалды

Түркияда кыргыз жана өзбек кыздарын сойкулукка мажбурлаган адамдар кармалды

Түркияда сойкулук үчүн көмүскө жай уюштурган деген шек менен 14 адам кармалды. Бул адамдар  кыргызстандык жана өзбекстандык кыздарды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашканын түрк ЖМКлары жазып чыкты.

Полиция кызматкерлери Анталия жана Манавгат шаарларында шектүүлөрдү кармоо операциясын жарыялаган. Анталияда 9 шектүү — 3 аял киши жана 6 эркек адам кармалды. Ал эми экинчи шаарда азербейжандык З.Севкозиева жана Г.Мамажанова мейманканалардын биринин ээси менен көмүскө жай уюштуруп, кыргызстандык жана өзбекстандык кыздарды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашкан.

Алар көмүскө жай уюштурууга, сойкулукка ортомчу болууга жана адам сатууга шектелип жатат. Полиция кызматкерлеринин иш-аракетинен кийин 10 аял сойкулуктан куткарылды. Алардын жетөө чет элдик болгондуктан, мекенине депортациялоо үчүн Анталиядагы тиешелүү кызматка өткөрүлүп берилди.