29.10.2018 14:52

Түркияда кыргызстандык мугалим «окуучу кызга асылды» делип 12 жылга кесилди

Түркияда кыргызстандык мугалим  «окуучу кызга асылды» делип  12 жылга кесилди

Түркияда кыргызстандык мугалим «окуучу кызга асылды» деген айып менен 12 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

56 жаштагы Игорь Брахановдун Түркияда жашап жатканына 30 жылга чукулдап калган. 25 жылдан бери пианинодон сабак берип эмгектенген Браханов акыркы жылдары Манагват шаарчасындагы жеке менчик музыка мектебинде иштеп келе жаткан.

Быйыл жазында анын үстүнөн 13 жаштагы кызга  «жыныстык ыдык көрсөтүү» деген шек менен кылмыш иши ачылып, 27-октябрда Анталья шаарына караштуу Манавгат райондук № 1 кылмыш-жаза соту теги кыргызстандык жаранды 12 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. 

Кылмыш иштин ачылышына мектептин видеобайкоосуна түшүп калган тасма жана кыздын арызы себеп болгон. 7-класстын окуучусу пианинодон берген мугалими экөө жалгыз калганда, ал бутун сылап, артынан кучактап, төшүн кармаганын айтып, арызданган. 

Сотто устат өзүнө коюлган дооматка макул болгон эмес. «Мен 25 жылдан бери пианинодон сабак берем. Бул кыздын ата-энеси ажырашып жаткандыктан, мугалимдер менден ага этият мамиле кылуумду суранышкан. Андыктан, мен сабак учурунда аны шыктандыруу, дем берүү максатында гана кучактап койгом. Бутун кармалаган эмесмин, педалды туура басууну үйрөтүп жаткам», — деди соттолгон мугалим.

Прокурор соттон айыпталуучуну 18 жылга эркинен ажыратууну сураган. Сот шектүүнүн тергөө учурунда өзүн алып жүрүүсүн эске алуу менен 12 жылга абакка кести.