19.06.2019 16:44

Түркияда сойкулук менен алектенип жүргөн кыргыз кыздар кармалды

Түркияда  сойкулук менен алектенип жүргөн кыргыз кыздар кармалды

Түркиянын Трабзон шаарында сойкулук менен алектенип жүргөн кыргыз кыздар кармалды. Бул туурасында түрк басылмалары жазып чыкты.

Агенттиктин маалыматына караганда, атайын операцияга жалпысынан эки жүзгө жакын полиция кызматкери тартылып, жыйынтыгында 28 кыз-келин кармалган.

Алардын арасында Кыргызстандын (3), Өзбекстандын (2), Армениянын (2), Украинанын (6), Грузиянын (6), Россиянын (4) жана Азербайжандын (5) жарандары болгон.

Учурда алар камакта кармалып, айрым жагдайлар такталып жатат.