12.10.2018 08:30

Түркияда туристтерди ташыган автобус кырсыкка учурады

Түркияда туристтерди ташыган автобус кырсыкка учурады

Түркиянын Анталья шаарында туристтерди ташыган автобус кырсыкка кабылды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Эл ташыган унаанын айдоочусу чукул бурулуштан рулду башкара албай калып, асканы барып сүзгөн. DHA агенттигинин маалыматына караганда, кырсыктан 28 адам жабыркады. Жаракат алгандардын арасында — 25 турист Румыниядан, айдоочу менен 2  жол көрсөтүүчү түрк жарандары.

Бардыгы тең ооруканага жеткирилди. Жеринде куткаруучулар менен тартип сакчылары иштеп жатат.