03.12.2018 14:10

Түркияда үй кызматкери болуп иштеген кыргызстандык аял уурулук кылып полицияга түштү

Түркияда үй кызматкери болуп иштеген кыргызстандык аял уурулук кылып полицияга түштү

Стамбулдун Зейтинбурну районунда үй кызматкери болуп иштеген кыргызстандык аял уурулукка шектелип кармалды. Ал өзү иштеген үйдөн акча жана баалуу буюмдарды уурдап кеткенин Ihlas маалымат агенттиги билдирди. 

27-ноябрь күнү полицияга Е.Т. аттуу үй ээси арыз менен кайрылып, үй кызматкери бир сумка, бир нече саат жана сейфтен 16 миң лира, 2 миң доллар уурдап кетип, телефон чалууларына жооп бербей жатканын билдирген. 

Эртеси, 28-ноябрда Стамбулдун Искүдар районунан 33 жаштагы Мубаракхон аттуу кыргызстандык аял  кармалган. Ал турган үйдөн уурдалган буюмдар менен акчалар табылган. Бирок, 1 миң лираны коротуп жибергени аныкталган.

Сурак учурунда анын 3 жылдан бери Түркияда иштеп жүргөнү маалым болгон. Акыркы жумушуна мындан 2 жума мурун орношкон. Сейфтин кодун үй ээлери ачып жатканда көрүп, жаттап алган.