Түркиялык окуучу кыз рак илдетине чалдыккан Айгүлгө жардам берүү үчүн 2 айпадын саткан

Түркиялык окуучу кыз рак илдетине чалдыккан Айгүлгө жардам берүү үчүн 2 айпадын саткан

Түркиялык 9 жаштагы Нур Су рак илдетине чалдыккан кыргызстандык айымга жардам катары 200 лира (3 миң сом) берди. Бул акчаны окуучу кыз өзүнүн 2 айпадын сатып тапкан. Бул туурасында рак илдети менен күрөшүп жаткан Айгүл Карнакованын Инстаграмдагы  баракчасына анын курбусу жазып чыкты. Ал Нур Су ракка кабылган Айгүл  тууралуу апасынан угуп, жардамга келгенин айтат. 

“Бул кичинекей периште өзүнүн 2 айпадын сатып, акчасын Айгүлгө алып барып бер деп колума карматты. Бул учурда ошол жерде тургандардын баары көз жаштарын токтото алган жок. Мындай тарбиясы үчүн апасына чоң ыраазычылык” деп жазат Айгүлдүн курбусу.

Айгүл Карнакова Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын тургуну. Ал 2014-жылдан бери  жоон ичегинин рагы (аденакарценома) илдети менен күрөшүп келет. Кыргызстанда алган химиялык терапия жардам бербей, оорусу өтүшүп 4-даражага жеткенде, жакшы клиника издеп, Түркияга барган.

Ал жерде дагы бир курс химиялык терапиядан өткөн соң,  дарыгерлер операция жасоону  чечишкен. 7-июнда Айгүлгө 8 саатка созулган оор операция жасалды. Кызынын буга чейинки  дарылануусу үчүн  жашаган үйүн, унаасын сатып, акчасын жумшаган  ата-эне кийинки чыгымдарга каражат таба албай нукурап турган кез.

«Операциянын наркы 36 миң доллар турса, учурда анын 30 % гана төлөнгөн. Ошондой эле, операциядан кийин реанимация бөлүмүндө өткөн ар бир күн үчүн 1200 доллар төлөнөт. Учурда каражат калбай калды, андыктан кайрымдуу адамдардан жардам сурайбыз», -дешет  Айгүлдүн жакындары.  

Операцияга чейин Айгүл менен сүйлөшкөнүбүздө «Билем, илдетим-оор. Бирок, жашоо үчүн күрөшүп жатам. Кичинекей эки кызым бар. Ошолор үчүн жашашым керек», - деген эле.

April.kg редакциясы Айгүлгө жардам бергиси келген адамдар үчүн банк реквизиттерин жарыялайт.