08.07.2019 10:55

Түркиянын Аланья шаарында 23 жаштагы кыргыз жаранын атып кетишти

Түркиянын Аланья шаарында 23 жаштагы кыргыз жаранын атып кетишти

Түркиянын Аланья шаарында 23 жаштагы М.И. аттуу кыргыз жаранын атып кетишти, деп билдирет Нaberler.com.

Тергөөнүн маалыматына караганда, ок чыгарган адам 40 жашта болгон. Ал окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет кылган. Аны Аланья шаарынын башка районундагы үйлөрдүн биринен колго түшүрүштү.

Азыр ал полиция бөлүмүнө алынып барып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Жолдун жээгиндеги көк шиберде ал ок чыгарган тапанча табылган.

Полиция кызматкерлерин жерине күбөлөр чакырган. Ооруканадан М.И. алган жаракаттарынан каза болуп калганын билдиришти. Денеси өлүкканага жөнөтүлгөнү кабарланат.