17.04.2019 10:44

Түркиянын ооруканасында кыргызстандык аял аппаратта жатат. Тааныштары изделүүдө

Түркиянын ооруканасында кыргызстандык аял аппаратта жатат. Тааныштары изделүүдө

Түркиянын ооруканасында кыргызстандык аял аппаратта жатат. Бул туурасында Жылдыз Осмонова аттуу колдонуучу социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, аялдын аты Айнура жана Кыргызстандын Ысык-Көл облусунан экени гана белгилүү. Туугандары дайынсыз. Түрцияда иштеп жүрүп, боор циррозу оорусуна кабылган.

«Чыдабай калганда ооруканага келиптир. Ошол жердеги кыргыздар колунан келген жардамын берип жатышат. 
Операция жасалып, күнүнө дарыларына 551 лирадан кетип жатат экен. Маселе - Айнура эжени Кыргызстанга жөнөтүү. Айнура эжени тааныгандар барбы? Азыр Antalya Bölge Hastanesi Акдениз клиникасында, блок 2а да жатат. Айнура эженин маселесин мамлекеттик деңгээлде чечүү керек го, эгерде эс-тутумун да жоготуп койсо...», -деп жазат Жылдыз Осмонова.

Эгер тааныгандар, же жардам берүүнү каалагандар болсо, төмөндөгү номерге чалып, маалымат алсаңыздар болот -  +996 557 425 576