30.11.2018 09:32

Түркмөн пенсионерлери тирүү экенин ырастап турууга мажбур болушууда

Түркмөн пенсионерлери тирүү экенин ырастап турууга мажбур болушууда

Түркмөнстанда пенсионерлер алты ай сайын тирүү экенин ырастоо үчүн тиешелүү органдарга барып турууга милдеттүү. Мындай эреже быйыл жазында башталган өлкөдөгү пенсиялык реформанын алкагында киргизилген.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлагандай, эреже жарым жыл мурда күчүнө кирген, бирок пенсионерлер ал тууралуу картасына акча түшпөй калганда гана билип жатышат.

«Бул эреже пенсионерлердин акчасы пластик карталарга которула баштаганда эле күчүнө кирген, бирок көпчүлүккө кабарланган эмес. Пенсионерлер алгач картага үч жолу пенсия которулгандан кийин тирүү экенин ырасташы керек. Андан кийин ар алты ай сайын ырастоо зарыл», — деп жазды басылма.

Түркмөнстанда быйыл 1-июлдан тарта 70 жашка чыга элек жарандардын пенсиялары расмий түрдө банк карталарына которула баштаган. Сентябрдан баштап пенсия курагындагы башка жарандар дагы төлөмдөрдү накталай алуу мүмкүндүгүнөн ажыратылган.