09.05.2018 16:14

Түркмөнстанда Азия-2017 оюндарынын айрым жеңүүчүлөрү белекке алган унааларын тарттырып жиберишти

Түркмөнстанда Азия-2017 оюндарынын айрым жеңүүчүлөрү белекке алган унааларын тарттырып жиберишти

Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы V Азия оюндарынын айрым жеңүүчүлөрүнүн президенттик белектерин алып коюшту. 

Түркмөн өкмөтү экономикалык каатчылык шартында эл аралык спорттук мелдешти өткөрүү үчүн миллиарддаган доллар сарптаган.

Жеңишке жетишкен түркмөн спорчулары медалдан тышкары баалуу белектерди, анын ичинде «Toyota Camry GL Executive» автоунаасын алышканы кабарланган. Айрым түркмөн атлеттеринен дал ушул автомобилдерди тартып алышкан.Түркмөн ЖМКлары маалымдагандай, кеминде эле үч спортчу өз белектеринен кур калган.

«Унаа тапшырылгандан кийин азырынча колдонбой туруу буйругу берилген. Бир аз убакыт өткөндөн кийин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү коопсуздук органдарынын кызматкерлери менен келишип, машиналарды алып кетишкен. “Эгер сурашса, унааны сатып жибердик деп айткыла” деген көрсөтмө берилген», - деп билдиришет спортчулар.