03.05.2018 09:37

Түркмөнстанда эски унааларга баа кескин түшүп кетти

Түркмөнстанда эски унааларга баа  кескин түшүп кетти

Түркмөнстанда өндүрүштөн чыкканына көп болгон унааларга баа кескин түшүүдө. Буга Түркмөн бийлигинин эски унааларды колдонууга чектөө киргизип баштаганы себеп. Чектөөнү ошондой эле, унаанын өңүнө, үлгүсүнө карап дагы салып жатышат. 

Аймактагы маалымдоо каражаттары билдиргендей, Лебап облусунда советтик үлгүдөгү гана эмес, 90-жылдары батыш жана япон өндүрүшүнөн чыккан, техникалык абалы жакшы унааларды дагы токтотуу көбөйгөн. 

Мындай унааларды МАИде техникалык кароодон өткөрүүдөн дагы баш тартып жаткан учурлар бар. Башка облустарда дагы жакында эски автоунааларга тыюу салынары айтылууда.

Өлкөдө 2010-жылга чейин чыккан бардык машиналарды колдонууга чектөө киргизилет деген маалымат тарап, мындан улам, эски унаалардын баасы кескин төмөндөп кеткен.

Эскерте кетсек, 2013-жылы түркмөн бийлиги колдонулган автоунааларды өлкөгө алып кирүүгө тыюу салган. Бул чектөө заводдон чыккан датасы беш жылдан өтүп кеткен автомобилдерге тиешелүү болгон.