26.11.2018 18:37

Түркмөнстанда унаа сатылаары тууралуу жарыя менен барган эки кардар өмүрүнөн да, акчасынан да айрылды

Түркмөнстанда унаа сатылаары тууралуу жарыя менен барган эки кардар өмүрүнөн да, акчасынан да айрылды

Түркмөнстанда автоунаа сатыла тургандыгы тууралуу интернеттеги жарыянын аягы жаман аяктады. Бул туурасында Ca-news агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Түркмөнстандын Дашөгүз районунда эки киши интернет-сайттардын бирине оор жүк ташуучу унаа сатыла тургандыгы жөнүндө жарыя калтырышкан. Баасы базардагыдан төмөн көрсөтүлгөн унааны сатып алууга эки кардар чыккан. Шылуундар 34 жана 40 жаштагы сатып алуучуларды үйгө чакырып, арам ойлорун ошол жерден ишке ашырышкан. 

Кардарлардын бири үйдүн короосуна чыкканда темир нерсе менен башка уруп өлтүрүшкөн. Экинчисин үйдүн ичинен бычакташкан. Денелерди үйдүн короосуна көмүп салышып, алардын 85 миң доллардан ашык акчасын чөнтөккө салышкан.

4 күндөн кийин жоголгондорду туугандары издей баштап, полицияга кайрылышкан. Иликтөө иштери башталганда, шектүүлөрдүн бири коркконунан өз жанын кыйган. Экинчи кылмышкер Түркияга учуп кетүүнү көздөп, Ашхабаддагы аэропортко келген жеринен кармалган.