21.04.2020 09:00

Төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиев дүйнө салды

Төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиев дүйнө салды

Белгилүү  төкмө акын  Элмирбек Иманалиев 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу акындын күйөө баласы Мирзат Муканов Facebook баракчасына жазды. Алдын ала малыматтар боюнча, ал оорудан улам көз жумган. Ал кант диабети менен жабыркачу. Акындын сөөгү Тунгуч кичи районундагы үйүнөн чыгарылат деп жазган Муканов.  

"Атам эртең саат 11де Тунгуч кичи районунан чыгарылат. Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Бирок бул чакыруу эмес. "Аз киши болсун" деп жатышат. Туура түшүнөбүз", — деп жазган.

 

Белгилей кетсек, акын Элмирбек Иманалиев ооруканадан 20-апрелде көз жумган.  Артында эки кызы, үч уулу калды. Эки небереси бар.

Иманалиев төкмөчү, обончу, актёрлук, манасчылык өнөрү бар болчу. “Айтыш” коомдук фондусунда көптөгөн жаш акындардын устаты.