28.11.2018 16:25

Төраганы тоготпогон Жогорку Кеңеш депутаттары (видео)

Төраганы тоготпогон Жогорку Кеңеш депутаттары (видео)

Кыргызстандагы Конституция боюнча статусу жогору үч адамдын бири - Жогорку Кенештин төрагасы. Биздин парламентти азыр Дастан Жумабеков башкарып келет. Анын тажрыйбасы аздык кылганынанбы, же анын үстүнө жаш болгондуктанбы - айтор, кесиптештери спикерди көп уга бербейт.

Анын үстүнө, төрага парламенттин регламентин, керектүү эреже мыйзамдарды билбей кагуу жеген учурлары да бар. Спикер сөзүнүн өтпөй жатышы Жогорку Кеңешке болгон элдин ишенимин ого бетер азайтат жана жок эле дегенде көзгө өөн учурайт экен.