05.07.2018 17:01

Төрөт үйүнүн короосунда көз жарган айымдын окуясы: доктурлар эмне дейт?

Апта башында көчөдө көз жарган айымдын жана ымыркайдын абалы жакшы. Бул тууралуу №2 төрөт үйүнүн жетекчилиги билдирүүдө. Бирок, кош бойлуу айымдын имарат ичинде эмес, көчөдө төрөгөнүнө ким күнөөлүү? Бул суроо интернет айдыңында актуалдуулугун жогото элек. Биздин чыгармачылык топ окуя жерине барып, абалдын чоо жайын тактап келишти.