24.10.2018 09:00

Учактын канатынан клипке тартылып жаткан рэпер кулап кетип, каза тапты

Учактын канатынан клипке тартылып жаткан рэпер кулап кетип, каза тапты

Канадалык рэп аткаруучу Джон Джеймс Макмюррей клип тартып жатып, самолеттон кулап каза тапты. Бул туурасында Huffpost Canada басылмасы билдирди.

Макмюррей көбүнесе өзүнүн клиптеринде колдонгон трюктардын аркасы менен атактуулукка жетишкен десе болот. Бул ирет рэпер учуп бараткан самолеттун канатынан басып өтүш керек болчу. Бирок, өзүн кармай албай калып, кулап кетти.

Клипти тартуу 20-октябрда Канаданын түндүгүндө өтүп жаткан. 

«Джон такыр кеч болуп кеткиче канатты карманып турду, бирок, кое берген кезинде парашютту ачканга убактысы калбай калган эле», — дешти анын менеджерлери. 

Басылманын маалыматына караганда, 34 жаштагы Макмюррей канаттын учуна чейин басып, өзү учакты кыйшайтып алган. 

Рэпер алган жаракаттарынан жеринде каза тапты.