12.12.2018 10:34

UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга дагы бир жолу келиши мүмкүн

UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга дагы бир жолу келиши мүмкүн

UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов дисквалификация болуп калса, күндө машыгып жана дүйнө жүзүн кыдырып чыгат. Бул тууралуу спортчунун атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедовдун сөзүнө таянып, ТАСС билдирди. 

«Эгер 9 айга спорттук мелдештерге катышуу укугунан ажыратып коюшса, эртең менен көнүгүүлөр жана машыгуулар болот. 3,5 сааттан ашык машыкпайбыз.Ошондой эле, дүйнө кыдырып чыгабыз», - деди  Абдулманап Нурмагомедов 10-декабрда Махачкалада өткөн уулунун автобиографиялык китебинин бет ачарында.

Анын айтымында, аларды 6 өлкө президенттери конок болуп кетүүгө чакырган, бирок, барууга убакыт болбой жаткан эле.

«Малайзия менен Индонезияга чакыруу бар, ал жакта мусулмандар көп, биз Хабиб экөөбүз бул өлкөлөргө баргыбыз келет. Биздин кошуналар - Азербайжанга чакырышкан, Түркмөнбашы чакырган. Кыргызстандын президенти жеке өзү чакырган. Бул өлкөдө бизди баарынан жакшы тосуп алып, жакшы кайтарууга алышкан», - деп кошумчалады Хабибдин атасы.