07.12.2018 10:20

УКМК 50 миң доллар пара алып жаткан аткаминерди кармоо учурунда тартылган тасманы таратты

УКМК 50 миң доллар пара алып жаткан аткаминерди кармоо учурунда тартылган тасманы таратты

УКМК 50 миң доллар пара алып жаткан аткаминерди кармоо учурунда тартылган тасманы таратты. Кечээ, 6-декабрда Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев пара менен кармалгандыгы тууралуу аталган мекеме жарыялаган. 

Маалыматка ылайык, ал акча Кошмо жол БААЭК 1 жана 2 коридорун, Эпкин-Дыйкан тилкеси (Башкууганды, (89,5 км – 159,2 км) долбоору боюнча жол курулуш жана калыбына келтирүү жумуштарын аткаруу боюнча тендерди оң жагына чечип берүү үчүн берилген. Министрдин орун басары тендердик комиссияда төрагалык кылгандыктан чет элдик компаниянын таламын талашмак.

Белгилей кетсек, чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо 520 миң долларга бааланган. Ал мурдараак ошол каражаттын 120 миң долларын ортомчулук кылган туугандарынан алган. Акчанын калган бөлүгүн кийинки жумаларда алмак болгон.

Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө жүрүүдө.