18.01.2019 10:22

УКМК Албек Ибраимовго «Күнөстүү жээк» пансионатынын иши боюнча билдирме тапшырды

УКМК Албек Ибраимовго «Күнөстүү жээк» пансионатынын иши боюнча билдирме тапшырды

Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимовго «Күнөстүү жээк» пансионатынын акцияларынын арзан баада сатылып кетиши боюнча билдирме тапшырылды. Бул туурасында УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына таянып, маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Албек Ибраимовго кечээ, 17-январда 43-берененин 2-бөлүгү жана 205-берененин 3-бөлүгүнүн 1,2 пунктунда ( Кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ишенип берилген мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу же коротууну уюштуруу жана жетектөө) көрсөтүлгөн кылмышка шектелип жатканы тууралуу билдирме тапшырылган.  

«Ал кездеги КР Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары Албек Ибраимовдун жетекчилиги жана көрсөтмөсү менен «Дастан»ТУК» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Юрий Васильев  «Күнөстүү жээк»  пансионатынын 100% акциясын атайылап арзандатылган баада сатып жиберген.  Мунун кесепетинен үлүшүнүн 98 % мамлекетке таандык болгон «Дастан»ТУК» ААКына  82 миллион 750 миң 556 сом чыгым келтирилген.  Териштирүү иштеринин жүрүшүндө «Күнөстүү жээк» пансионатынын 100% акциясынын ээси М.Б. мамлекетке 82 миллион 750 миң 556 сомду кайтарып берди», -деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Албек Ибраимов 2018-жылдын 19-июлунда УКМК тарабынан бир нече кылмыш иштерге шектүү катары кармалган.