02.08.2019 09:59

УКМК Алина Шаикова суракка келбей жатканын билдирди

УКМК Алина Шаикова суракка келбей жатканын билдирди

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жетекчиси Алина Шаикова УКМКга суракка чакырылды. Бул туурасында Коопсуздук кызматынан билдиришти.

УКМК жаңы үлгүдөгү паспортторду даярдоо боюнча кызматтарды сатып алуудагы коррупция фактысы менен козголгон кылмыш ишин иликтеп жатат.  Ал Мамлекеттик каттоо кызматынын,  «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын, Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин жооптуу адамдарына карата ачылган. Алина Шаикова бул иште фигурант катары эсептелет.

УКМК буга чейин Шаиковага жактоочусу аркылуу бир нече ирет суракка чакыруу жиберген. Бирок келген эмес.

«5-августка чейин суракка жана анын катышуусу менен өтүүчү башка тергөө иштерине келбей койсо, Шаиковага издөө жарыяланат», -деп айтылат маалыматта.