03.04.2019 13:57

УКМК: Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция өткөнү тууралуу маалымат - жалган

УКМК: Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция өткөнү тууралуу маалымат - жалган

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча күч түзүмдөрү атайын операция өткөргөнү тууралуу маалымат чындыкка туура келбейт. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Учурда Таш-Мойнок айылында эч кандай атайын операция өткөрүлгөн жок. УКМК мындай «фейк» маалыматтын таратылышын бузуку күчтөрдүн коомчулукту адаштыруу аракети катары баалайт.

Мындан улам, Коопсуздук кызматы бул маалыматты тараткан адамдардын өздүгүн тактоо боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүдө. 

Ошондой эле, УКМК КР мыйзамы боюнча жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.