13.11.2019 14:07

УКМК башчысынын жаңы орунбасары Кой-Ташта элди аттырганбы? (видео)

УКМК башчысынын жаңы орунбасары Кой-Ташта элди аттырганбы? (видео)

9-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Талантбек Салиев УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары кызматына дайындалды. Президенттин аппараты жаңы орун басардын 44 жашта жана жогорку билимдүү экенин, 1997-жылдан бери улуттук коопсуздук органында ар кандай кызматтарда, анын ичинде жетекчилик кызматтарда да иштеп жүргөнүн маалымдады. Башка маалымат, жадагалса сүрөтү да берилген жок. 

24.kg маалымат агенттиги Орозбек Опумбаевдин «оң колу» кызматына келген адамдын ким экенин өз алдынча изилдеп көргөн. Төмөндө Талантбек Салиев тууралуу биздин кесиптештер тапкан фактылар:

  • Түбү - түштүктөн. Айрым маалыматтар боюнча, Ош облусунда төрөлгөн.
  • ИИМ Академиясын бүткөн соң, дароо эле УКМКнын ыкчам кызматкери болуп орношкон. Көбүнесе аймактарда, өзгөчө республиканын түштүгүндө жана борбордук аппаратта иштеген.
  • Орун басар болуп, УКМКнын төрагасы кызматына көтөрүлүп кеткен Орозбек Опумбаевдин ордуна келди. 
  • Президент аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев менен туугандык байланышы жок. Кой-Таш операциясына катышып, кагылышуу учурунда жаракат алган. 
  • Кой-Таш операциясына катышып, кагылышуу учурунда жаракат алган. (сүрөттө колу таңылган адам)

«Апрель» телеканалына буга кошумча катары Талантбек Салиев Кой-Таштагы операцияга жөн гана катышпастан, аны жетектегендердин бири болгону маалым болду. Күбөлөрдүн айтымында, дал ушул Салиев спецназ жоокерлерине кимди атуу, кимди сабоо керектиги тууралуу буйрук берип турган. Буга төмөнкү тасма далил: